Бишкекте 9 жаштагы баланы "акча уурдадың" деп унаасына сүйрөткөн таякеси үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалым болгондой, чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.
"Сот баланын таякесин жашаган жеринен алыска чыкпоо чечими менен үй камагына чыгарды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
27-апрель күнү Алтын-Казык жаңы конушунда эртең мененки саат 8:00 чамасында таенесинин акчасын уурдады деп 9 жаштагы баланы таякеси унаасына жип менен байлап, бир нече метрге чейин сүйрөп барган. Балага мындай аёосуз мамиле кылганын көргөн кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Б.С. аттуу жаран камакка алынып, 2010-жылы туулган К.Ж. аттуу бала ар түрдүү жаракаттарды алып, борбордогу №3 балдар ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектелип кармалган жаран мындай жоругун аны тарбиялоо максатында жасаганы менен түшүндүргөн.