Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин криминалдык милиция кызматына Тажикстанда оор кылмыш жасаган жаран Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жашынып жүргөнү боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, март айынын аягында Бишкек шаарынан 27 жаштагы Г.У. аттуу Тажик жараны колго түшкөн. Ал Согди районунда туулган жана "каракчылык" беренеси боюнча айыпталып жаткан. Кармалган жаран ошол замат камакка алынган.