Милицияга баш ийбей аянтта митинг өткөргөн "Жашылдар партиясынын" төрагасына 3 миң сом айып салынды

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында уран казууга каршы митинг уюштурган "Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаевге 3 миң сом айып салынды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү тастыктады.

Бүгүн, 30-апрелде "Ала-Тоо" аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан, ал партиялаштары менен уранга каршы акцияны уюштурган. Митинг "Ала-Тоо" аянтында башталып, Максим Горький атындагы сейил багында аяктаган. Партиянын өкүлү Динара Кутманова Бөлөкбаевди митинг аяктаган соң Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери кармап кеткенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан