"Супер хитке" Мирбек Иманбековдун талкуу чордонунда калган "Жаным" клиби кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" аталышындагы клиби кошулду.

"Негизи репертуарымдагы эски ырларды жаңылап ырдап чыгайын деп пландап жүргөм. Мага ырчы Наргиза Айтемирова менен Айпери Суранчиева "Таластык кыз" деген ырымды рэп вариантында аткарып чыгууну сунуштаган. Бирок ал ырды рэп вариантында аткаруу жарашпай калат экен. Ошентип кыздар менен кеңешип ушул "Жаным" чыгармасына токтолдук. Клипти Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан тартып келдик", - дейт ал.

24-АПРЕЛДЕН 1-МАЙГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орунга - Мээрим Карыпованын "Мен сизди унутушум керек эле" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орун - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" клибине буюрду.

8-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" видеокомпозициясы камсыздады.

7-орунду - Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" видеоклиби ээледи.

6-орунда - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" видеоклиби жайгашты.

5-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" чыгармасы багындырды.

4-орун - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеокомпозициясына буюрду.

3-орун - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы багындырды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Нияз Абдыразаковдун "Жубайым" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан