Ошто иниси агасын бычактаган деп шектелүүдө

Ошто бычакталган 45 жаштагы киши үйүндө каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-апрель күнү болгон. Анда эки бир туугандын кичүүсү агасын бычак менен сайган. Жабырлануучу Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Бейтапканада эки күн жаткан соң үйүнө чыгып кеткен. Бирок ал өзүн жаман сезип, 30-апрелде өз үйүндө каза болгон.

"Шектүү катары маркумдун бир тууганы кармалды. Ал алгачкы суракта агасы экөө тең мас абалда болгондуктан, окуя кандай болгонун эстей албай жатканын айтууда. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан