Бишкекте Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртастын үй-бүлөлүк концерти өттү. Концертте ырчынын жубайы Жылдыз Нуртас, балдары жана иниси бир сахнада күйөрмандарына ырларын тартуулашты.
Концерттин аталышы - Кайрат Нуртас
Концерттин өткөн жери - Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу
Концерттин өткөн убактысы - 1-май, саат 19:30
Концерттин алып баруучусу - Азамат Эркинбаев
Мыкты номерлер - "Ламбада", "Көздөр ай", Нарул Нуртастын ыры, Алау Нуртастын бийи
Борбор Азиянын жылдызына айланган Кайрат Нуртас алгач репертуарындагы ырларды жандуу аткарды. Казак ырчысын колдоп кыргыз шоу-бизнесинен Анжелика, Айдана Дека, Чолпон Талипбек жана Амир Аскаров келишти. Ал эми өткөн жылы хит болгон "Күттүм, ай" чыгармасын Джонни менен Кайрат Нуртас биргеликте аткарды.
Концерттин жүрүшүндө Кайрат Нуртас сахнага бир тууган иниси Зангар Нуртасты чакырып, дуэт аткарышты. Андан кийин сахнага ырчынын улуу кызы Сезим Нуртас чыгып фортепианодо ойносо, экинчи кызы Алау Нуртас бий өнөрүн тартуулады. Кайрат Нуртастын күйөрмандарына кыздары гана эмес, баласы Нарул Нуртас дагы талантын көрсөтүп, чыгарма тартуулады. Ал эми ырчынын кенжетайы Хан Нуртас бийи менен атасынын күйөрмандарынын жарымын тартып алды өңдөнөт.
"Кудай мага ушундай адамдан дагы 3 даана берсин. Кыргыз менен куда болоюн. Негизи күйөө бала болоюн дегем" деп тамаша сөздөрү менен залда отургандарды кыраан-каткырыкка бөлөгөн ырчы сахнага жубайы Жылдыз Нуртасты чакырды. Кайрат Нуртас сахнадан жубайына ыраазычылык сөздөрүн айтып, андан соң ырдап, бийлеп сахнада өздөрүн эркин алып жүрүштү.
Кайрат Нуртас ырдап жатканда жаш күйөрманы сахнага чуркап чыкты. Ырчынын күйөрманы каалоо-тилегин айтып, кумиринин костюмун эстеликке сурады. "Үстүмдөгү костюмду апам алып берген. Аны белекке берип койсом болбос. Башка костюмумду берейин. Бирок 3 эле костюмумду алып келгем" деген ырчы күйөрманына бир костюмун кийгизди. Концерттеги дагы бир кызыктуу көрүнүш - ырчы сахнадан курун чечип залда отургандарга ыргытты.
Эне жөнүндө ырдап жатканда залда отурган баланын оозу кыбырап жатканын көргөн ырчы аны сахнага чакырып, "Мендей бол, чоңойгондо киесиң" деп бут кийимин чечип берди.
Концертте ырчынын күйөрмандары сүрөткө түшүп, белектерин бергенге аракет кылышты. Алардын арасында улуу муундун өкүлдөрү, жаштар дагы болду.
Кайрат Нуртас 2017-жылы 26-майда дагы Бишкек шаарында концерт койгон.