Бишкекте өзүн салык кызматкеримин деп тааныштырып, дүкөн ээсинен акча алып кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга азык-түлүк сатып иштеген сатуучу Айбек аттуу жаранга чара колдонуп берүүнү айтып арыз жазган. Арызда ал өзүн салык кызматынын кызматкери катары тааныштырып, дүкөнгө алдын ала бир жарым жылдык патент алып берүүнү айтып, дүкөн ээсинен 11 миң 500 сом акча алып, белгисиз тарапка из жашырган.
Бул факты боюнча "алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй шектүү катары 23 жаштагы А.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда ал башка дагы ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.
Милиция кызматкерлери ушул окуяга окшогон маалыматтар болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0705 12-01-12, 0551 10-28-09.