Токтогулдун тогуз кайрыктары, Ат-Башынын таланттары, Өзгөндүн өнөрпоздору... Артисттердин шеринелери тууралуу узун кеп таштайбыз

Шерине - кыргыз шоу-бизнеси, маданият өкүлдөрүнүн арасында көп өткөрүлөрү белгилүү. Ырчы, актёр, актриса, алып баруучу, шоумен жана акындар биригип көңүл ачуу, баарлашуу өткөрүшкөнүн жарыялап келишет. Бул жолу артисттерди бириктирген шерине кантип бөлүнөрүн карап көрөбүз.

ЖЕРДЕШТЕР

Маданият кызматкерлери туулган айылынан чыккандар менен бирге шерине өткөрүшөт. Кайсы бир райондо туулган ырчы, обончу, аткаруучу, акын, алып баруучулар өз ара экинчи райондун шеринелештерине эстафета узаткан учурлары да бар.

Токтогулдун тогуз кайрыктары шеринесинде ырчылар Гүлнур Сатылганова, Роза Аманова, Сыймык Бейшекеев, Айбек Карымов, Нурлан Насип, акын Бактыгүл Чотурова жана башкалар бар.

Тоң районунан чыккан артисттердин шеринесинде актёр Камчы Сарыбаев, алып баруучулар Назира Айтбекова, Аскат Алдашев, Назира Кадыева, режиссёр Ырыс Окенова, ырчылар Замир Арыкбаев, Мээрим Карыпова, Үмүтай Абдышова, комузчу Чолпон Мелисбекова жана башкалар бар.

Май айынын башында Өзгөн районунан чыккан ырчылар туулган жерине барып концерт коюп келишти. Алар шеринеге чогулганда айымдар менен мырзалардын айтышы катары ырдаган учурдан видеолорун күйөрмандары менен бөлүшүп турушат. Куудул Эрнис Бөрүбаев ай сайын шерине өткөрүп турушарын айтты.

"Шериненин максаты - чыгармачылыкта алдыга жылуу, улуу-кичүү биригип тажрыйба алмашуу. Чогулганда көбүнчө чыгармачылык жөнүндө сүйлөшөбүз. Бир жолу чогулганда "Өзгөнгө бир майрамды шылтоо кылып, элге акысыз концерт коюп берсек жакшы болмок" деп сүйлөштүк эле. Ошол максатыбыз 1-Майда ишке ашып, Өзгөндүн стадионунда элге концерт коюп келдик", - деди ал.

Өзгөн өнөрпоздорунун шеринесинде Алтынай Нарбаева, Гүлзада Рыскулова, Кенже Дүйшеева, Кыздаркан Келдибекова, Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, KG Элмурат, Гүлназ Чыныбек кызы, Эрнис Бөрүбаев жана башкалар бар.

Актёр Болотбек Тилек Ат-Башынын таланттары шеринесине барат. Ал мындан сырткары кесиптештери, достору менен чогулуп турушарын белгиледи.

"Шеринени Ат-Башы районунан чыккан өнөр адамдары менен чогуу өткөрөбүз. 4 киши бирге өткөрөт. Негизги максаты иш-чараларда биримдикте иш алып баруу үчүн, Ат-Башы өнөр адамдарынын ынтымагын бекемдөө. Жакында үчүнчү айлампасын өткөрдүк. Өзүмдүн досторум, кесиптештерим менен дагы шеринелерим бар", - деди.

Ат-Башынын таланттары шеринесинде актёрлор Нурдөөлөт Копоев, Болотбек Тилек, ырчылар Жонни, Илгиз Абдалиев, Мелис Абдрашитов, Тима Мукашев, Кубаныч Алиев, Аскат Мусабеков, Азалия Дүйшөналиева жана башкалар бар.

САХНАЛАШТАР

Ырчылар Омар, Анжелика, Арсен, Максат Садырбеков, Миргүл Эсеналиев, Гүлжигит Калыков, Мирбек Атабеков, Урмат Усенов жана Неля үй-бүлөлөрү менен бирге шерине өткөрүп турушат.

Ошондой эле ырчылар Кайрат Примбердиев, Добр, Ильяз Андаш, Курал Чокоев жана башка достору менен шерине өткөрүп келишет.

Ырчы Ильяз Андаш "Биз шеринени 4 жылдан бери өткөрүп келебиз. Башында түзүлгөн курам боюнча келе жатат. Эч ким чыгып же кошулган эмес. Мындай тамак деп кыйнамай жок. Ар ким каалаганындай тосот. Жайында көлгө, кышында тоого лыжа тепкени чыгабыз. Күзүндө шартка жараша ресторандарда болуп калат. Чыгармачылыкта көптөн бери чогуу жүрүп, чыныгы достордон болуп калганбыз. Негизи өзгөрүүсүз болуп келе жатканы жакшы. Шеринеде чыгармачылыктан алыс жүргөн, жакын тең-туштарыбыз да бар", - деди.

ЖАШТАР

Ырчы Данияр Эрматов жаш курагың чоңойгон сайын катышуу, шерине өңдүү нерселерге көңүл бура баштайт экенсиң деген пикирин айтты.

"Мурун андай нерселерге көп көңүл бурчу эмесмин. Азыр сахнадагы досторум, классташтарым менен шеринеге барып турам. Андан тышкары Өзгөн өнөрпоздору, Ош-Жалал-Абаддан чыккан ырчылардын шеринеси бар. Бишкекте болсом да мени кошуп коюшканына сүйүндүм. Катташууга жакшымын, ошондуктан баары менен ынтымактамын. Тойлордо дагы катышып турабыз. Ушундай нерселерге бара- бара көз карашың түз болуп калат экен. Чыгармачылыктагы досторум менен күз айларында шеринебиз узарып, ай сайын боло турган шерине 3 айга созулуп кетет", - деди Данияр Эрматов.

Жаш ырчылар Аваз Акимов, Алмаз Шаадаев, Нурмат Садыров, Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Эдил Маматов, KG Элмурат, Жоодарбешим, алып баруучулар Улук Сапаров, Максат Давранов, клипмейкер Эрнист Сыдыков чогулуп шерине өткөрүп турушат.

Жердештер, кошуналар, достор... Артисттердин шеринелери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Miraida2012
2019-05-07 22:40:17
Жашоо силердики болуп ататго э
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан