Аксыда сел жүрүп, 7 турак үйдүн короосун суу каптады

Аксыда сел жүрүп, 7 турак үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2-майда саат 19:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айыл аймагында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн. Анын кесепетинен Ак-Жол айылындагы 5 турак үйдүн жана Шынаа тилкесиндеги 2 турак үйдүн короосун суу каптаган. Турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Мындан сырткары Райкомол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 100 метр аралыгын, Эчкилик тилкесиндеги ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырым аралыгын, Ак-Жол-Кечүү ички чарбалык унаа жолунун 4 жерин сел каптаган. Ошондой эле Жолборсту тилкесиндеги унаа өтүүчү 1 даана көпүрөнүн бир тарабын сел алып кеткен. Учурда жол каттамдары ачык, унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан