Бишкекте Мерседес Бенц унаасы менен мотоцикл сүзүштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 3-май күнү саат 19:10 чамасында Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде "Мото" борборунун жанында орун алды.
"Жеңил унаа жана мотоцикл жолдо катарынан келе жатып сүзүшүп кетишти. Мотоциклдин айдоочусуна медициналык жардам көрсөтүлдү. Ал эми жеңил унаадан эч ким жабыркаган эмес. Мерседес Бенц айып короосуна токтотулуп, кырсыкка күнөөлүүнү аныктоо иштери башталды", - дешти милициядан.