Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 3-майга караган түнү Яковлев чолок көчөсүндөгү №6 мейманканада чыр чыгып, жаран ур-токмокко алынган. "Ал алган жаракаттардан улам каза болду. Маркум 1989-жылы туулган С.Б.К. экени аныкталды. Анын өлүмүнө шектелип эки адам кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда. Иш элчиликтин көзөмөлүндө", - дешти мекемеден.