Ырчы Самара Каримова Инстаграм аркылуу 10 миң долларга чейин каражат табарын айтты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Инстаграм киреше алып келүүчү негизги булак экенин айтты.

"Инстаграм учурда эң популярдуу социалдык түйүн болуп калды. Инстаграм аркылуу жарнама боюнча аябай көп сунуштар түшөт. Бирок мен сапатына кылдат карап, анан макулдашам. Анткени менин окурмандарым мага карап алышат. Мындан улам косметикалык каражаттарды саткан фирмалар, кийим-кече, бут кийим саткан дүкөндөр, кездеме саткан дүкөндөр менен иштешем. Мисалы, бир эле дүкөндүн кийимин же башка бир товарын Инстаграм баракчама жайгаштырып, башкы бетке койсом (сторис) 300 доллар болот. Ал эми Казакстан, Орусиядан дагы сунуштар түшөт. Көбүнчөсү Казакстандан болот. Чет өлкөнүн жарнамасы болсо 500 доллар. Эгерде 6 айдан 1 жылга чейин иштешип калсак, анда жарнаманы улам жаңылап турам. Ал үчүн 10 миң долларга чейин каражат алам. Белгилүү дүкөндөр менен иштешсем тынбай жарнамалап турам. Менин киреше булагымдын бири Инстаграм деп айта алам. Мен Инстаграмдан тышкары Фейсбук, Одноклассники социалдык түйүндөрүн дагы иштетем", - дейт ал.

Самара Каримованын Инстаграм баракчасында учурда 1 миллион 400 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал эми уулу Барсбектин Инстаграм баракчасына 22 миңден ашуун адам катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
salon-1
2019-05-05 06:29:03
Инстаграммдан ошончо тапса, чайкана, биллиярд охоооооо ошончо акчаны не кылат болду экен аааа. ?
-15
Bahabrat79
2019-05-05 06:44:15
Мынча ичиңер тар. Ал кыз таап атса силерге кандай зыяны. Жакшы сөз айта албасаң анда жаман сөз айтпаааа. Молодец Самара. Иштериңе ийгилик каалайм
-8
mr.ulan89
2019-05-05 06:53:33
Жалан эле Самаранын фанаттары го ушул айым озун пиарлаганын такыр койбоду
-5
Umakg
2019-05-05 08:23:33
Баары минусго
+2
Panam-47
2019-05-05 10:18:53
Самара менен Анжеликаны мактантып эле койсо .
+11
aliya-leyla
2019-05-05 12:16:36
Эми канча акча тапканынарды мактанбай эле койгулачы. Коз тиет соз тиет. Ар киминердики озунорго эле буюрсун
+5
senchi
2019-05-05 13:26:38
Реклама кылып берем дегени бул,бул темадан кийин да реклама бере тургандар кобойушу учун.
+1
Sana_30
2019-05-05 13:27:00
Негизи коп кырдуу талант. Колунардан келсе силерда иштеп коргуло. Ишине ийгилик Самара.
-12
kushu_bek
2019-05-05 14:42:46
Экинчи кирешелуу булагыныз кара алманыда айта кетпептирсизда буржолу
+12
Dembele84
2019-05-05 17:07:05
Менде клиент аз болуп жатат, ушунчадан реклама кылып берем,чалгыла дегендей эле болуптур го
+7
Safiya91
2019-05-05 18:16:40
Ай тийсе да Самара, кун тийсе да Самара. Алтын балыкты кармап алсан тилегин орундалатта)))
+1
didu
2019-05-05 22:33:38
кут кылсын зекетти берсен сага эселеп берет деген жери бар карындашым
-2
Shanshieva
2019-05-05 22:43:00
ХХХХ да лидер бул айым
-2
Abdizhapar
2019-05-06 00:20:20
10000 миндин 100 доллары инстаграмдан 4900 доллары ХХХХ калган 5000 доллары элдерди алдаган ХХХХ
0
Mister-X
2019-05-06 13:35:54
Журналисттер бир мактанып бер деп суранабы же Самара сурабаса деле келип айта береби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан