Ырчы Бурул Арунова: "Жолдошум артымдан 2 жыл чуркады"

Ырчы, музыка сабагынан мугалим Бурул Арунова турмушка чыгып, ак жоолук салынды. Ырчы айым жолдошун 2 жыл сынаганын SUPER.KG порталына айтып, буларга токтолду.

"Жолдошумдун аты Эрнис, Кочкор районунан болот. Жашыбыз тең. Экөөбүз таанышкандан кийин Эрнис 2 жыл артымдан чуркады. Башында маани берген эмесмин. Сүйүүсүн арнап, өзүнүн жакшы сапаттары менен жүрөгүмдү багындырып алды. Биздин мамиле тойго жетип, 25-апрелде кыргыздын каада-салты менен кыз узатуу тоюм болду. Ал эми 2-майда Бишкектеги тойканалардын биринде үлпөт тоюбуз туугандарыбыздын, кесиптештерибиздин, жакын санаалаштарыбыздын курчоосунда өттү", - дейт ал.

Бурул Арунова атасы менен жолдошунун ысымдары окшош экенин кошумчалады.

Ырчы 1989-жылы 16-сентябрда Чүй облусунда төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетин аяктаган. Анын репертуарында "Мендеги ыйык махабат", "Керексиң", "Өзүңө гана", "Бийге чакырам" жана башка ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Farra16gsin
2019-05-05 13:07:21
Биринчи көрүшүм ушундай ырчы бар беле мен 2 жылмес 2 күн чуркабайт болчумун
+8
Bobby1995
2019-05-06 01:38:45
Farra16gsin,сиздин чуркашынызга ал зар дагы эмес
+1
tursunbaev78
2019-05-05 13:22:13
ызылдабай бакыт тилеп койгулада
-1
Janym_ata_enem
2019-05-05 13:22:24
озу 89 экен созу 99 экен
+7
Pandora
2019-05-05 13:45:57
Кыздар акылынар болсо бирге жашап,бир жаздыкка баш койгонунардан кийин жакшыбы же жаманбы коомчулук жайда же копчулук тууган-урук,дос-душмандын алдында жолдошунардын намысына тийбей,сабыр кылып озунорчо калганда кенешип,чечишип алсанар утук силердики эле болот. Озунор бироонуну козунчо бирге жашап жаткан адамды тебелеп турсанар эртеге сырттан башка бироо келип тебелесе андан откон жаман жок.
+2
Dembele84
2019-05-05 13:53:08
Ммм,жакшы чуркаптыр артындан,5жыл чуркады десен деле болчудай экен,ушунча мактанганы чыккандан кийин )))
-2
tihonkg
2019-05-05 14:17:42
Эми ушул созунду эрин окуп куну туну чуркататко
0
Agayu
2019-05-05 14:34:37
Чуркады дейби ? Мин капыр орустар да мындай созду айтпайтго негизи ? Мейли кантсе да бактылуу болгула , эртен коз анан соз тийбесин !!!
+1
KaGaH
2019-05-05 14:49:29
Бул ким болуп кетти?)
+4
Dembele84
2019-05-05 14:54:48
KaGaH,Копчулугубуз тааныбай эле ызы чуу болуп жатабыз)))ырчы миш го )))
+5
KaGaH
2019-05-05 23:32:07
Dembele84, түшүнүктүү))
+1
Adi010891
2019-05-05 15:08:21
ушундай ырчы бар беле? же жаны чыгып келе жатабы туугандар?
0
katerina.li
2019-05-05 15:33:16
Ушакчы эркектер олупсунор. Биринен биринер ашып. Мен бул кызды тааныбайт экем. Бирок аял катары аялдык бакыт каалайм
+1
Dembele84
2019-05-05 17:10:10
katerina.li,Койсон серьезно?
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-05 21:18:14
katerina.li, ошону айтың, уят эле
-1
Avrora2017
2019-05-06 01:53:02
katerina.li,Азыркы эркектер кобу майдаланып чуйдолонуп кеткен мелочник болушуп ушакчы катындардан бешбетер, эмне кыл дейсин , таанып тааныбаса да тантырап жаза беришет ар кайсыны
+3
Supsuluu
2019-05-05 23:13:29
Чуркаса чуркады дейт да. Бул жерде бүт эле чуркап жетпей калгандар же чурката албагандар чычалаган го. Бактылуу болуңуз Бурул эже, турмуш жолуңар байсалдуу болсун.
+1
Nura2016
2019-05-06 00:31:25
Бактылуу бол!
0
nurzat8787
2019-05-06 00:47:08
Жолдошун 2жыл артындан чуркаса эми сен омур бойу чуркайсын анын артынан
0
senchi
2019-05-06 08:09:30
Күзгү кузгү айтчы?дүйнөдө ким сулуу деп алганбы?
+1
senchi
2019-05-06 08:10:15
Меники алтындан дейби?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан