Бишкектин тургуну 8-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 5-майда Насирдин Исанов көчөсүндө катталган.
"Көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен жаран боюнча маалымат милицияга 11:10 чамасында келип түшкөн. Жерине Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барган. Терезеден боюн таштаган жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнү, жашы такталууда. Ал эмне себептен боюн таштаганы боюнча териштирүү иштери башталды", - деп билдирди.