Санкт-Петербургда Кыргыз жаранын бычактап өлтүрүүгө шектүү адам кармалды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз жаранын катуу сабап, аны өлүмгө жеткирген окуя катталган. Бул кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандарга таянсак, 3-май күнү болжол менен түнкү саат 2лер чамасында Санкт-Петербург шаарындагы Москва райондук нөөмөт бөлүмүнө №6 турак үйдүн алдында белгисиз адам эс-учу жок абалда жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Полиция айтылган дарекке барып, жансыз жаткан адам 1989-жылы туулган С.Б. аттуу Кыргыз жараны экендигин аныкташкан.

"Иликтөө иштери жүрүп, каза болгон жарандын бет тарабына бычак менен бир нече жаракат келтирилгени аныкталды. Ал алган жаракатынан улам каза болгон. Окуяга шектүү катары Орусиянын 1992-жылы туулган М.М. аттуу жараны кармалды. Экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып бул факты катталганы дайын болду. Ал өз күнөөсүн моюнуна алган. Окуя боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен иш козголду. Каза болгон адам Ысык-Көл облусунун тургуну болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

ТИМдин билдирген маалыматына таянсак, учурда тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мындан соң маркумдун туугандары “Жүк-200дү” Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүү камын көрмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан