Алмагүл Ержекенова
Herbalife Nutrition
азыктануусу боюнча эксперт
Орозо учурунда адамга психологиялык-эмоциялык, руханий жана эксперттик колдоолор керек. Мындай жардам өзгөчө биринчи жолу орозо кармап жаткандарга зарыл. Ал адамды орозону кантип туура кармаш керек, орозо маалында өзүмдү кандай сезет болдум экен, бул учурларда эмнелерди эске алуу керек деген нерселер ойго салышы мүмкүн. Түмөн түрдүү ойлорду артка таштап, бул суроолорго адис кандай жооп берет көңүл буралы. Сиздер үчүн Herbalife Nutrition азыктануусу боюнча эксперт Алмагүл Ержекенова менен маектештик.
1-миф. Орозо ашыкча салмактан арылууга жардам берет.
- Алмагүл, айтсаңыз, орозо адамдын организмине терс таасирин тийгизбейби? Суу - аз, түнкүсүн көп көлөмдөгү тамакты жегендик, мындай абалда кантип арыктайт?
- Туура. Орозо менен диетанын ортосунда эч кандай жалпылык жок. Орозонун милдеттери такыр башка, Ыйык орозону диетага байланыштырып алуунун өзү акылсыздык жана күнөө. Ошол эле учурда бул адамдын ашыкча салмактан арылуусуна эч таасирин тийгизбейт. Адам организминин тамактанууга көнгөн ритми бузулуп, эртеден кечке ачка жүрүп, түнкүсүн калориялуу, түркүн тамактар менен нык тоюп алуусу - дене түзүлүштүн жакшырышына эмес, зат алмашуунун жайлашына алып келет. Өзүңүздөр ойлонуп көрсөңүздөр - көп убакытка чейин ачка болгон шартта организмде (орозонун биринчи күндөрүндө ал 20 саатка чейин созулушу мүмкүн) "коргонуу механизмдери" иштей баштайт да калорияны аз коротууга өтөт. Анын жыйынтыгында, үнөмдөлгөн калориялар май клеткалары катары түзүлөт. Мындан тышкары метаболизм үчүн күндө ичилүүчү 2 литр суу абдан маанилүү, орозо учурунда адам анча суу ичпейт.
- Бирок кээ бир адамдар чын эле салмак таштайт го?
- Ооба, орозо учурунда адамдын салмагы азайышы мүмкүн. Бирок бул адам организминдеги суюктуктун азайып, ашказан, ичегилеринин бүлүнгөнү менен байланыштуу. Орозо бүткөндөн кийин тескери эффектиси болгонун бир нече жолу көрдүм - адамдар тездик менен салмак кошушат.
2-миф. Саарлыкта ичпей калсам, ооз ачууда көп тамактанып алсам болот.
- Түнү ашыкча тоюп алгандан кийин айрымдар саарлыкта тамактангысы келбей калат, тамак жей алышпайт. Катуу ачка болгондуктан түнү дагы ашыкча тоюшат. Диетологдун көз карашында бул канчалык кооптуу?
- Мындай жол, адамдын зат алмашуусуна терс таасирин тийгизет, өзгөчө түнкүсүн. Ал эми ооз бекитүүдө тамактанбагандык күн бою энергиянын жетишсиз болуусуна алып келет. Мээнин, жалпы эле организмдин активдүүлүгү төмөндөйт. Анын жыйынтыгында жумушка болгон жөндөмдүүлүк начарлап, эске тутум менен көңүл коюудагы дыкаттык төмөндөйт. Уйкусурап, алсыз болушат.
- Эгер адам эртең мененки тамакты ичпей көнгөн болсочу - эртең менен табити тартпаса?
- Адам организмин азыктандыра турган бир нерсени жегенге өзүн-өзү мажбурлаш керек. Ансыз да орозодон кийин микроэлементтери жетишсиз болот, ага жардам берүү керек. Мисалы, оор тамактарды азыктандыруучу коктейлдерге алмаштырса болот. Бул үчүн эртең мененкиге Herbalife Nutrition'дан Формула №1 протеин коктейлин сунуштай алам. Ал өзүнө витаминдер менен минералдардын 20 курамын камтып, эч бир ашыкча калориясыз эле адам өзүн ток сезип жүрө алат. Негизгиси - коктейль организмди клеткалык курандылардын материалы болгон баалуу белоктор менен камсыздайт. Башкача айтканда, бул толук кандуу тамакты 2 мүнөт ичинде даярдап, азыктануу.
3-миф. Орозо учурунда физикалык кыймылды азайтуу керекпи?
- Метобализм төмөндөбөшү үчүн бизге көп кыймыл керек деп билебиз. Бул туурабы?
Бул жерде жөнөкөй эреже иштейт - "Эгер машыкпасаң баштаба, машыгып баштадыңбы таштаба" деген. Спортчуларга кыймылды азайтпоо өтө маанилүү - бул алардын салмагынын өзгөрүүсүнө жана физикалык даярдыгына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок Рамазан айында ашыкча көп кыймылдоонун кажети жок.
- Бирок бул кыйын да - тамактанбай, суу ичпей туруп көндүм кыймылдарды жасоо...
- Активдүү кыймылда жүргөн адамдарга жана спортчуларга машыгууну жана анын убактысын 30 пайызга төмөндөтсө болот. Изилдөөлөргө ылайык, бул аракет орозодон кийин форманы жоготпоого жана тез арада мурдагы калыпка келүүгө жетиштүү болот.
4-миф. Ачка болуу организмге зыян.
-Бир тарабынан мезгил-мезгили менен ачка болуп туруу принциптери бар да, буга орозо канчалык дал келет?
- Диетологиянын көз карашында алып караганда орозо - мезгил-мезгили менен организмди ачкалыкта кармоо деп саналат. Анын жакшы жактарын аныктаган бир нече изилдөөлөр бар. Ачка болуу аутофагиянын активдешине - организм өзүнүн "жаман клеткаларын жегенге" шарт түзөт. Ачка болгон учурда адамда сөңгөктүк клеткалар көбөйүп, ичегидеги микрофлоралар калыбына келет. Ички органдагы сезгенген процесстер жөнгө келип, гормоналдык фон нормалдашат, кандагы инсулин менен глюкоза теңделет. Бирок бул бардык адамдарда эле ушундай өзгөрүүлөр болот дегендик эмес. Мен ар бир адам өз организмине карап аракет кылса дегенге кошулам. Рамазан айынан мурун бир катар анализдерди тапшырып, алардын негизинде орозо кармаса болорун же организми жол бербей турганын билип алуу зарыл.
5-миф. Тамактанууну ооз бекитерде жана ооз ачууда дароо башташ керек.
- Окурмандарга орозодо кантип туура тамактануу керектиги боюнча өзүңүздүн кеңешиңизди айтсаңыз. Ооз ачкандан кийин дароо бир тоюп алыш керекпи же ортосунда убакыт калтырып тамактануу туурабы?
- Мен баарына акыл менен кадам таштаганды колдойм. Эртең менен ооз бекитерде туруп эле тамактанбай, адегенде көбүрөөк суу ичүү керек. Эгер ал сууга Herbalife Nutrition'дон алоэден даярдалган өсүмдүк суусундугун кошуп койсо, ашказан-ичегинин активдүүлүгүн жогорулатып, организмге пайдалуу заттарды берет. Мындан тышкары Herbalife Nutrition'дон көк жана кара чайдын экстракттары кошулган чөп суусундугун да ичсе болот. Ал жакшы сергитет. Андан жарым сааттан кийин саарлыкты ичсе болот. Ооз бекитүүдөгү тамактануунун аягында мен жогоруда айткан HerbalifeNutrition'дон Формула 1 коктейлин ичүү пайдалуу.
Кечкисин болсо ушул эле тамактанууну тескерисинче жасоону сунуштайм . Адегенде тамактануу керек. Бирок шашпай тамактануу оң. Тамактануунун алдында 15-30 мүнөт мурун Herbalife Nutrition'дон алоэден даярдалган өсүмдүк суусундугу кошулган 1-2 стакан суу ичиңиздер. Андан кийин белоктордон турган тамактарды - балык, тоок эти же эт фаршын жеген эң туура болот. Гарнирге болсо кайнатылган же ышталып бышырылган жашылчаларды жегенди кеңеш берем. Дан азыктарын да жесе болот. Ал эми мөмө-жемиш менен таттууларды жегиси келгендер аны бир аз убакыттан кийинкиге жылдырып койсо болот. Мен кечки тамакты макронутриент менен теңдештирүүгө кеңеш берет элем, ал үчүн Herbalife Nutrition'дон Формула 1 протеиндик коктейлин даярдап ичүү туура. Углеводдон турган десерттин ордуна сиз дароо азыктандыруучу топтомду бир иче аласыз. Баса, менин көптөгөн пациенттерим аны муздак боюнча ичүүнү жактырышат, кээ бирлери ал менен абдан даамдуу запеканка да даярдашат.
- Herbalife Nutrition'дун азыктары орозо учурунда рационду теңдештирүүгө жардам береби?
- Ооба, мен негизи Рамазан айында теңдештирүү принциптеринен карманып турууну сунуштайм. Ага чейин жана андан кийин - тыюу салынбайт. Кумшекер менен тузду азайтыңыздар. Газдалган суусундуктардан, татымал, соус, маринад жана туздалган азыктардан баш тартыңыз. Алар аш казанды кыйнайт. Орозо учурунда организмдин витаминдер менен минералдарга талабы күчөйт. Өзүңүзгө жана организмиңизге акыл калчап мамиле жасаңыз.