Ысык-Көлдө онкологиялык оорудан жабыркаган балдарга кайрымдуулук үчүн чогултулган каражатты уурдап кетишти

"Help the Children – SKD" кайрымдуулук коомдук фондунун онкологиялык жактан ооруган балдардын дарылануусуна бере турган каражатын белгисиз адамдар уурдап кетишти. Бул тууралуу аталган фонддун расмий баракчасына жарыяланды.

Окуя Боом капчыгайындагы тамактануучу жайда болгон.

"Кыжырланганымда чек жок. Адамдар эмне болуп жатат? Бүгүн ыйык Орозо айы башталды. Көпчүлүк адамдар дал ушул учурдан пайдаланып башкаларга колунан келишинче жардам бергенге, жакын адамдарга кол сунууга аракет кылышат. Бирок дал ушул күнү, тагыраагы, 5-май түнү Боом капчыгайындагы "Foodzone" тамактануучу жайдан биздин онкологиялык жактан ооруган балдардын дарылануусуна деп топтогон каражатыбызды урнасы менен уурдап кетишти. Тамактануучу жайдын башкармалыгы бизге видеобайкоого түшүп калган видеолорду, сүрөттөрдү берди. Видеодон белгисиз адамдар кайрымдуулук урнасын уурдоо үчүн атайын келгени көрүнүп турат", - деп билдирүү калтырган.

"Help the Children – SKD" кайрымдуулук коомдук фондуна байланышканыбызда, учурда бул маселе боюнча "Foodzone" тамактануучу жайдын жетекчиси алектенип жатканын, ошол аймактагы милицияларга маалымат берилгенин кошумчалады.

Онкологиялык оорулуу балдардын дарылануусуна бериле турган жардамды уурдап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Avrora2017
2019-05-06 16:29:08
Уяты жоктор, эми кармаласынарда шерменде болуп олдунорго
+2
Catti-80
2019-05-06 16:54:07
Озунордо дагы стукач барда
Болбосо каяктан билмек эле акча бар экенин
+2
bond02
2019-05-06 18:31:23
Камерага даана эле тушуптур го, табуу оной эле болот го дейм.
+1
Take_men
2019-05-07 00:17:49
Сабак болсун башкага да 10 жыл бергиле кеминде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан