Сокулукта кайненесин бычактаганга шектелип күйөө баласы кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда кайненесине бычак сайган деп шектелип күйөө баласы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 22-апрелде саат 10:00 чамасында болгон. Анда Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын ооруканаларынын бирине бычакталган аял келип түшкөнү кабарланган. Ооруканага барган ыкчам топко жабырлануучу аял эч нерсе айтып бере алган эмес. Себеби ага операция жасалып калган. Андан ары иш улаган кызматкерлер Новопавловка айылынан шектүүнү кармашкан.

"Шектүү 33 жаштагы К.У. аттуу жаран. Ал 22-апрелде кайненесинин үйүнө келип, аны бычак менен сайып салган. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери башталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан