Баткен облусунун Кадамжай районунда 16 жаштагы кызга карата белгисиз эркек тарабынан сексуалдык мүнөздөгү ыплас иш-аракеттер болгону тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 2017-жылдын 8-августунда түнкү саат 00:30 чамасында Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Разъезд айылында болгон. Анда 2001-жылы туулган кызга карата белгисиз эркек тарабынан сексуалдык иш-аракеттерди жасап, видеого тартып алып, тааныштарына тараткан.
"Аталган факты Кадамжай РИИБинин кылмыштарды каттоо китебине катталып, текшерүү иштери башталган. Текшерүү мезгилинде видеого тартылган DVD диск табылган. Тасмада 16 жаштагы кыз бөлмөнүн ичинде өз ыктыяры менен бейтааныш адам менен жыныстык катнашта болгону байкалган. Ошондой эле кызга карата күч колдонулгандыгы же кыз тарабынан каршылык көрсөтүү болгон эмес. Бул окуядан кийин жыныстык катнашка барган киши видеону таратканы белгилүү болгон.
Соттук-медициналык экспертизанын 2017-жылдын 18-августундагы корутундусуна ылайык, 16 жаштагы кыздын денесинде көк ала тактар болгон эмес. Анын кыздык белгиси окуя болгонго чейин эле бузулгандыгы аныкталган. Бул фактыда кылмыштын курамы жок болгондуктан, 2017-жылдын 24-августунда иш өндүрүштөн кыскартылган".
Териштирүү учурунда шектүү делинген жарандын аты-жөнү такталган. Ал Өзбек Республикасынын 30 жаштагы Алимардан аттуу жараны экени аныкталган.