Новопокровкадагы №3 күчөтүлгөн режимдеги абак текшерүүгө алынып, 53 саюучу же кесүүчү буюм жана 30 телефон табылды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 күчөтүлгөн абак текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүгө ЖАМКнын 475 кызматкери жана 15 кызматтык ит катышкан. Тинтүү учурунда төмөндөгүдөй буюм-тайымдар табылган.

30 телефон, алардын ичинен 9у иштебейт;

31 телефондун кубаттагычы;

12 кулакчын, телефон үчүн колдонулган 20 аккумулятор жана 5 SIM-карта;

1 литр сыра (пиво), 1 литр бензин;

53 колго жасалган саюучу же кесүүчү буюмдар;

Колго жасалган 5 жылыткыч жана 11 спираль;

2 темир сейф;

18 оюн картасы.

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан №1 түзөтүү абагы текшерүүгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан