Абактан чыккан Мурат Суталинов: "Бүгүн боштондукка чыгам деп күткөн эмесмин"

"Бүгүн боштондукка чыгам деп күткөн эмесмин" деп абактан бошотулган Мурат Суталинов шаардык соттун чечими боюнча оюн айтты.

"Сот отурумдарында жабырлануучулардан кечирим сурагам. Мени кечиргени үчүн ыраазычылыгымды билдирем. 2010-жылдагы окуяны токтотконго күчүм жетпегени үчүн бүткүл кыргыз элинен кечирим сурайм. Мага колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Мен дарыгер кесибин тандабаганыма өкүнөм", - деди Суталинов.

Бүгүн, 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук кызматынын (азыр УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду сот залынан боштондукка чыгарды. Ал бөйрөктүн 4-даражадагы рак оорусу менен жабыркап жатканы айтылган.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Бакиевдин кезинде УКМКны жетектеген Мурат Суталинов абактан чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nursbaike
2019-05-07 11:57:43
Чыныгы генерал . Тренировка калганын кордунорбу турмодо. Эми салыштыргыла Сегизбаев Атамбаевдин охрана генералдарына Кимиси коргойт олкону ак уйду ??
+1
rysik79
2019-05-07 12:17:00
Жакшы жанылык. Бул кишини айтып журушот жакшы адам деп.
0
Pchelka85
2019-05-07 12:34:22
Бир чети лично адам катары кобу жакшы адам экенин айтып журушот. Бирок жакныдан билбегенден кийин телевизордон коруп же газеталард окуп бул адам жондо да озунчо бир ой калыптанып калган да. Революцияда топтолуп турган элге корсоткон "колун" эч ким унута элек болуш керек. Эмнеси болсо да. Денсоолук берсин кудайым...
+6
zhykyo
2019-05-07 12:44:54
Кечирдик кечирдик каяка барабыз Кыргыз эли кечиримдуу .Кечирим сурадын. Эгер ушундай болоорун билгенде туура эмес иш кылбай элен убагында .М:мен кечирдим орозонун убагында .Начар киши деп ойлоп койчумун убагында. Бир иш кылаарда ойлонуп журушсо ушу чондор эл менен эл болуп кичине
+6
Baicho_0707
2019-05-07 13:57:55
Башкаларга окшоп чындык женет деп доодуробой(куноолу экенин билип турсада) турмого жатып чыккандан кийин дагы да болсо жоопкерчилигин сезип элден кечирим сурап атат. Азамат кудай ден соолук берсин! Башкаларга сабак ж.а улгу болсун!
+10
Mars575
2019-05-07 14:48:29
Туура кыргыздын жигити, аман болунуз!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан