Бишкекте жол тандабас менен жеңил унаа сүзүшүп, бири оодарылып кетти

Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде Тойота Ланд Крузер Прада үлгүсүндөгү жол тандабас менен Дэу Матиз унаасы сүзүшүп, бири оодарылып кетти. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-майда саат 10:45те Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Тойота Ланд Крузер Прада унаасы Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан учурда Үмөталиев көчөсүнөн чыга калган Дэу Матиз унаасын сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусу ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Азыркы учурда тактоо иштери жүрүп жатканын жана 2 унаа тең айып аянтчасына жеткирилгенин маалымат кызматы кошумчалады.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан