Ош шаарындагы унаа тетиктерин саткан базардан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 7-майда саат 12:00 чамасында чыккан.
"Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан "Кудайберген" унаа тетиктерин сатуучу базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге Ош шаардык №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 бөлүм барган. Тилсиз жоо саат 12:48де чектөөгө алынып, саат 13:16да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.