Таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызынын кыркын чыгарып, наристеге таенеси ыроологон бешигин берди. Жакын адамдарынын катышуусунда өткөн чакан той тууралуу Нурлан Насип буларды айтып берди.
"Кызыбыз Дариянын кыркы кечээ, 7-майда чыкты. Дариянын таенеси небересине деп арнаган бешигин, жентегин алып келди. Жакын адамдарыбыздын курчоосунда кызыбызды бешикке салуу каадасы жасалды. Буюрса, жакында чоң жентек той өткөрөбүз", - дейт ырчы.
Чакан тойго ырчылардын өкүл атасы Урмат Усенов менен өкүл апасы Неля келген. Ошондой эле Урмат Усеновдун апасы дагы тойдун коногу болгон. Ырчы Неля социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн кайненеси, Нурлан Насиптин апасы, Асел Кадырбекованын апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн илип, "миң жылдык кудайгылар" деп жазган.