Жалал-Абадда нефти иштетүүчү база өрттөнүп жатат. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады. Күбөлөрдүн айтымына караганда, базага өрт өчүрүү кызматынын унаалары жана кызматкерлери келишкен, бирок өрт басаңдай элек.
"Базада нефтини кайра иштетүү иштери жүрчү. Азырынча толук маалымат алуу кыйын. Ал жерде адамдар болгонбу же жокпу белгисиз, анткени жанына киши жолой алгыс. Чоң цистерналарга от жакындап келип күйүп жатат. Жарылуу болсо тилсиз жоону токтотууга мүмкүн эмес. Мындан тышкары базага 200-300 метрдей жакындыкта 2 май куюучу жай жайгашкан. Ошондой эле нефти базанын айланасына жакын жаңы конуштар түшкөн. Айланасын калктуу десек болот. Буга чейин 2-3 жолу катуу жарылган үн чыкты", - деди күбө Талгатбек Абдимиталип уулу. Маалыматтарга караганда, базанын жанында жайгашкан май куюучу жай да өрттөнүп жатат.