Жалал-Абадда мунай базада чыккан өрткө эмне себептен тик учак колдонулбай жатканын ӨКМнын басма сөз кызматы түшүндүрдү.
Мунай базадан чыккан өрт эрежелер менен өчүрүлүүдө. Тик учакты колдонуу натыйжасыз болмок, себеби бул объекттин жарылып кетүү коркунучу бар. Мындай учурда өрттү өчүрүүдө унаа жана көбүк колдонуу керек деп жазылат маалыматта.
Учурда өрт өчүрүлүп бүтө элек. Ошондой эле өрттү өчүрүүгө Оштон жана Жалал-Абаддын райондорунан кошумча күч тартылууда.
Айта кетсек бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда 2 өрт өчүрүүчү жаракат алган. Биринин денесинин 50 пайызы ал эми экинчинин бети күйүп калган.
Алдын ала маалыматтар боюнча күйүп жаткан мунай базасы - "Томас и Ко" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык. Аталган компаниянын директору Жоомарт Токомбай уулу, ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү Казыбек Ташиев жана Замирбек Жылчымышев экени айтылууда.