"ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө саясатчы Камчыбек Ташиевдин Жалал-Абаддагы мунай базадан чыккан өрттү өчүрүүгө катышкандарга ыраазычылык билдирип жаткан видеосу жүктөлдү.
Анда Ташиев өрт өчүрүүчүлөргө: "Баарыбыз бир муштумдай болуп чогулганыбызга ыраазычылыгымды билдирем. Жетекчиңерди уят кылбастан, аларды артка тартпастан ушул жерде ар бириңердин чуркаганыңарды көрдүм. Силерге ыраазычылыгымды билдирем, дагы бир жолу рахмат! Үй-бүлөңөргө, силерди тарбиялаган ата-энеңерге, жетекчиңерге дагы рахмат айтам! Ар бириңер элге, мамлекетке кызмат кылсаңар келечегиңер болот. Кудай буюрса, силердин араңардан да жетекчилер, министрлер, мага окшогон генералдар чыксын! Ушул жерге Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Сузак, Ноокенден келдиңер. Орозо кармаганыңарга карабай, чуркап иштеп жатканыңарды көрүп кыжаалат болдум. Орозо айы бүткөнчө силер менен ооз ачар уюштурам", - деди.
Бүгүн, 10-майда саат 10:00дөр чамасында Жалал-Абад шаарындагы Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасында өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда бир жарандын денесинин 50 пайызы күйгөн. Учурда ал ооруканада. Ал эми өрт өчүрүү кызматкеринин бети күйүп, ал ооруканага жаткан эмес.
Өрт саат 17:25те чектөөгө алынган. Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда.