Израилде "Евровидение-2019" сынагы старт алды. Сынактын салтанаттуу ачылышы Тель-Авив шаарынын Хабима аянтында орун алып, катышуучулар кызыл килем үстүнөн өтүштү. Жарым финал 14-15-майда, ал эми финал 18-майда орун алат.
Сынакка 41 өлкөдөн 41 катышуучу келген. "Евровидение" сынагы быйыл 64-ирет өткөрүлүүдө.
Тель-Авив шаарынын мэри 2018-жылдан тарта жубайы менен сынактын сыйлуу коногу болуп келет. Ал эми Израилдин маданият жана спорт министри Мири Регев чакыруу барагын алганын, бирок музыкалык сынакка баруудан баш тартканын билдирди. Себебин министр айткан эмес.