Белгилүү ишкер, KG ГРУПП курулуш компаниясынын президенти Имамидин Ташов кыргыздын санынын көбөйүшүн тилеп, көп балалуу үй-бүлөлөргө байма-бай жардамын көрсөтүп келет. Имамидин Ташов 2 ирет эң көп балалуу 40 жашка чейинки жаш үй-бүлөлөргө акысыз батир тартуулаганын көпчүлүк эл билет. Ошондой эле ал 2015-жылы өлкөбүздүн тарыхында алгачкы ирет болгон кубанычтуу окуя 4 эм баланын төрөлүшүнүн урматына ал үй-бүлөгө батир белек кылган. Ошондой эле ал 3 эм төрөлгөн үй-бүлөгө да батир тартуулаган.
Жакында дагы бир 4 эм төрөлүп, жалпы элибиз кубанычка бөлөндү. Имамидин Ташов орозонун биринчи күнү 5-каналдагы кайрымдуулук темасында маегинде бул окуяга карата кубанычын жашыра албай, кыргыздын санын көбөйтүп жаткандарга өзүнүн ызаатын билдирди.
“Түшүнгөн кишиге бул кыргыз элине, жерине күч берүүчү, дух берүүчү окуя. Биздин максат батир берип өзүбүздү пиар кылуу эмес, кыргыздын санын көбөйткөндөргө таазимибизди, ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Ушул эле студияда мен кыргыздын саны 10 миллионго жеткиче батир бергенибизди токтотпойбуз деп айткан элем”, - дейт Имамидин Ташов.
Ырасында эле ишкер Имамидин Ташов акыркы 4 жылдан бери көп балалуу үй-бүлөлөргө батир берүүнү улантып, ата-энелердин кубанычын бөлүшүп келет. Бул ирет да 4 эмдин төрөлүшүнө кубанган чыныгы мекенчил инсан Имамидин мырза бул үй-бүлөгө да батир белек кылуу ниетин айтты. Көрсөтүүнү алып баруучулар менен баарлашып жатып, бул кубанычтуу окуя болгондо Кыргызстанда болбой калгандыктан ал үй-бүлө менен жолуга албаганын айтып, буюрса, кийинки жолу силерге келип калсак, бул үй-бүлөгө батир бердик деген кубанычтуу жаңылыгыбыз менен келебиз деп билдирди Имамидин Ташов.
Имамидин мырзага окшоп элибиздин өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп, муктаждарга колдоо көрсөткөн кайрымдуу адамдар көп болсун демекчибиз.