4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. "Каза болгон кызды рулга отургузуп койгон айдоочуга экспертиза да жүргүзүшкөн жок" дейт жабырлануучу

9-майда саат 21:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Хонда Одиссей менен Субару Аутбек унаалары сүзүшүп, 4 адам каза болгон. Биринчи унаанын айдоочусу 21 жаштагы жаран ошол жерде көз жумган. Экинчи унаанын айдоочусу, анын аялы, келини мүрт кетип, бир уулу жана бир кызы жаракат алган.

Бир күндө 3 жакынын жоготкон туугандары жол кырсыгынын күбөлөрүн издеп жатышат. Алардын айтымында, Хонда Одиссейди маркум 21 жаштагы кыз айдап бара жаткан эмес.

"Жол кырсыгынан эжем, жездем, 1998-жылкы келини каза болду. Учурда 3 жашар кызы оор абалда ооруканада жатат. Дагы бир баласынын колу сынды. Ушунун айынан 4 бала жетим калды. Күнөөлүү адамдар күнөөсүн моюнуна албай эркин жүрүшөт. Каза болгон кызды күнөөлүү деп коюшту. Ага экспертиза жүргүзүшкөндө кыздын алган жаракаттары башкача экен. Кырсыкта айдоочуга руль тийип алган жаракаттан айырмаланат. Хонда Одиссейди кырсыкка чейин 1994-жылкы адам айдап жүргөнүн көргөндөр бар экен. Жадакалса кырсыктан кийин анын канында алкоголь бар же жоктугун текшеришкен жок. Хонданын айдоочусу кырсыктан каза болгон кызды айдоочунун ордуна отургузуп койгон деп шек санап жатабыз. Ошол себептен кырсыктын күбөлөрүн издеп жатабыз", - дейт Чыңгыз Казаков.

Эгерде Хонда Одиссейди айдаган кыздын жакындары, унаанын ээси пикир билдиргиси келсе SUPER.KG порталы аны жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
newman
2019-05-16 17:01:59
Ушу ачуу үстүндө айтып алышатта кээде. Кантип өлгөн адамды рулга отургуза аласың. 1)ал жерде шок абал
2)бетме бет сүзүшкөн унаага отургузуу ары турсун чыгаруу кыйын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан