"Евровидение-2019" ыр сынагынын биринчи жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Тель-Авивде өтүп жаткан "Евровидение-2019" эл аралык ыр сынагынын биринчи жарым финалынын жеңүүчүлөрү 14-майда белгилүү болду. Бул тууралуу сынактын расмий сайты жарыялады.

Биринчи орун үчүн ат салыша турган ырчылар:

- Катерина Дуска (Греция)

- Зена (Беларус өлкөсү)

- Невена Божович (Сербия)

- Тамта (Кипр)

- Виктор Крон (Эстония)

- "Lake Malawi" тобу (Чехия)

- Кейт Миллер-Хайдке (Австралия)

- "Hatari" тобу (Исландия)

- Серхат (Сан-Марино)

- Зал Краль жана Гашпер Шантл (Словения).

Черногория, Финляндия, Польша, Венгрия, Бельгия, Грузия жана Португалия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар калыстар тобу берген баалардан улам финалга өтө алышкан эмес. Экинчи жарым финал 16-майда өтөт. "Евровидение-2019" эл аралык ыр сынагы 18-майда жыйынтыкталат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-05-15 12:17:13
Австралия эмне кылып журот,анда биздикилер деле катышса болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан