НТВ каналынын "Поедем, поедим!" берүүсү Кыргыз жери тууралуу тасма тартат. Тартуучу топ Бишкекке келгенден кийин базарга барышкан. Андан соң тартуу иштери Ысык-Көлдө жүрдү.
Берүүгө ырчы Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген да катышты. "Ысык-Көл облусунда агрардык маданиятты өнүктүрүүнүн алкагында БУУнун колдоосу менен аталган көрсөтүүнүн Кыргыз жериндеги тартуу иштери уюштурулду. Көптөгөн талапкерлердин арасынан мени тандашканы жагымдуу болду. Туристтик таанып-билүү, кулинардык телекөрсөтүүнүн жамааты 5 күнгө келишти. Алгач Бишкекте башталып, кийин Ысык-Көлдө уланды. Уюштуруучулар, тартуу жамааты жаратылышка аябай суктанышты. Алып баруучу Жон Уорен менен танышуум кызыктуу болду. Орусиялык телеканалга биринчи жолу тартылып жаткандыктан толкундануу болду. Тамак жасоо боюнча рубрикасына мен катыштым, биз кыргыздын тамагын жасадык. Андан тышкары манасчы тууралуу да тартылды", - деди Төлөпберген.
Берүүнүн алып баруучусу Жон Уорен Кыргыз өлкөсүнө келип, Ысык-Көлдүн кооздугуна, Кыргыз элинин меймандостугуна суктанып жатканын кошумчалады.
"Поедем, поедим!" 2012-жылдан бери НТВ каналында көрсөтүлөт. Алып баруучу Жон Уорен аймактарга саякаттап, кызыктуу жайлар тууралуу айтып берип келет. Алгач Орусиянын шаарларын кыдырып келишсе, бара-бара Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жөнүндө көрсөтүлгөн.