"Disney" компаниясы "Малефисента: Түндөгү ханыша" тасмасынын биринчи трейлерин жарыялады. Аталган тасма - көпчүлүккө белгилүү "Малефисента" тасмасынын уландысы.
Жаңы тасманын сюжетинде келечектеги ханыша менен Малефисентанын ортосундагы байланыш жатат. Көрүүчүлөр бул жолу сыйкырдуу токой жана андагы жашаган сыйкырдуу жандыктарды коргоодогу душмандар жана өнөктөштөр тууралуу окуяга күбө болушат.
Башкы ролду кайрадан эле Анжелина Жоли, ал эми хан бийкенин ролун Эль Фаннинг аткарган. Тасманын режиссёру Хоаким Роннинг.
"Малефисента: Түндөгү ханыша" тасмасынын бет ачары 2019-жылдын 17-октябрында болот.