Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону "Дордой" клубу Тажикстандын чемпиону "Истиклол" клубун 2:1 эсебинде утуп алды (хронология)

Кутмандуу кечиңиздер менен ардактуу футбол күйөрмандары! Бүгүн, 15-майда АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону "Дордой" клубу Тажикстандын чемпиону "Истиклол" клубун кабыл алды. Беттеш саат 20:00дө башталып, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алды. SUPER.KG порталы бүйүр кызыткан беттешти онлайн чагылдырды. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 3 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 1 упай менен акыркы орунда жайгашкан.

Алгач командалардын курамы менен таанышып алыңыздар:

19:00. "Дордой" клубунун курамы:

Дарбазачылар: Павел Матяш, Валерий Кошуба, Эржан Токотаев, Артём Прядкин, Кутман Кадырбеков;

Коргоочулар: Айзар Акматов, Азамат Байматов, Курсанбек Шератов, Аскарбек Салиев, Бекжан Сагынбаев, Алибек Сакенов, Семён Шептицкий, Данил Сокирченко, Авазбек Откеев, Александр Мищенко;

Жарым коргоочулар: Артур Валикаев, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Антон Землянухин, Фархат Мусабеков, Тапаев Темирболот, Муролимжон Ахмедов, Павел Сидоренко, Ислам Шамшиев;

Чабуулчулар: Вахыт Оразсахедов, Эрнест Батырканов, Абай Боколеев, Мирлан Мурзаев, Рыскелди Артыкбаев, Маматзия Жолдошов;

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин.

19:01. "Истиклол" клубунун курамы:

Дарбазачылар: Никола Стошич, Рустам Ятимов;

Коргоочулар: Жалил Кимсанов, Алексей Ларин, Искандар Жалилов, Ахтам Назаров, Зоир Журабоев, Бахтиёр Каландаров;

Жарым коргоочулар: Михайло Сакич, Фатхулло Фатхуллоев, Эхсони Панжшанбе, Амирбек Журабоев, Шахром Сулаймонов, Мухаммаджон Рахимов, Алишер Жалилов;

Чабуулчулар: Шериддин Бобоев, Шахром Самиев, Комрон Турсунов;

Башкы машыктыруучу: Хаким Фузайлов.

19:02. Аталган командалардын алгачкы оюну 1-май күнү Дүйшөмбү шаарында өтүп, бишкектик клуб 4:1 эсебинде жеңилип калганын эсиңиздерге сала кетели.

19:06. Бүгүнкү беттешти ливандык калыстар тейлешмекчи. Башкы калыс Али Реда болсо, капталдагы калыстардын милдетин Хассан Кансо менен Рабих Омеират аткарат.

19:19. Командалар талаага чыгып беттеш алдындагы машыгууларын өткөрүп жатат. "Дордой" көк, "Истиклол" кызыл түстөгү формада ойношмокчу.

19:53. Оюн башталар алдында турат. Алгачкы беттешке караганда күйөрмандардын саны азырынча бир топ аз.

20:00. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн башталды. Топту ортодон "Дордой" командасы кошту.

20:10. Алгачкы мүнөттөрдө коноктор топко көбүрөөк ээлик кылганы менен талаа ээлери кооптуу абалдарды түзүүдө. Алгачкы учурда Артур Валикаев чыгарган топту "Истиклолдун" коргоочусу тосуп калса, экинчи учурда Антон Землянухиндин айып аянтчасында кулаганын калыс кароосуз калтырды.

20:21. "Дордой" командасы 3 жолу катары менен бурчтан чыгарып берүү аткарды. 3 жолу тең дээрлик кооптуу абалдар жаралганы менен гол жаратуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.

20:23. Бурчтан чыгарып берүү кезеги коноктордо. Чыгарылган топту "Истиклолдун" оюнчусу дарбазадан алда канча бийик узатты.

20:26. Мирлан Мурзаев талаанын борбордук аянтында жыгылып калды. Бирок калыс оюнду токтоткон жок. Мурзаевге медициналык жардам көрсөтүлдү. Баары жакшы, бишкектик клубдун 99-номери оюнду улантууда.

20:28. Дагы бир кооптуу абал. Мурзаевдин чыгарып берген тобу Артур Валикаевге жетпей калды.

20:29. Гол! Коноктор 29-мүнөттө алдыга чыгышты. Талаанын ортосундагы катачылык коноктордун гол жаратуусуна алып келди. Топту дарбазага багыттаган 10-номердеги оюнчу Алишер Жалилов болду.

20:34. "Дордойдун" оюнчусу Ислам Шамшиев орой оюну үчүн сары айып кагазын алды.

20:36. Азамат Байматов жаракат алып оюнду таштап кетти. Ордуна 3-номердеги Айзар Акматов чыкты.

20:38. Талаа ээлери дарбазага жакын жерден айып сокку аткарышты. Топ Фархат Мусабековго келип, ачык калган дарбазага таамай сокку узата алган жок.

20:40. "Дордойдун" алгачкылардан болуп гол өткөрүп жибергени Александр Крестининдин жинин келтирди өңдөнөт. Башкы машыктыруучунун оюнчуларын урушуп жатканы баарына угулуп жатат.

20:43. Коноктор кооптуу аймактан эреже бузушту. Бирок мындан эч нерсе чыгара алышкан жок.

20:45. 1-таймдын негизги убактысы бүтүп, калыс кошумча 2 мүнөт берди.

20:47. Беттештин алгачкы бөлүгү соңуна чыгып, командалар эс алууга кетишти.

21:00. Беттештин 2-бөлүгү башталды.

21:05. 2-таймдын алгачкы 5 мүнөтүндө дээрлик кооптуу абал жаралган жок. Коноктордун убакытты созуу аракети ачык байкалууда.

21:09. Бишкектик күйөрмандар эми гана жанданышып, команданы активдүү сүрөп башташты. Футболчулар буга бир кооптуу чабуул менен жана бурчтан чыгаруу менен жооп беришти.

21:11. "Истиклол" дарбазага жакын жерден айып сокку узатуу мүмкүнчүлүгүн алды. Дагы бир метр дарбазага жакын болгондо пенальти дайындалмак.

21:13. Гоооооол! Эсеп теңелди! Бурчтан чыгарылган топту Вахыт Оразсахедов башы менен дарбазага багыттады. Эсеп 1:1.

21:25. Эсеп теңелгенден кийин "Дордой" активдүү оюн көрсөтө баштады. Бир нече жолу алдыга чыгууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Алмашуу: Ислам Шамшиевдин ордуна Муролимжон Ахмедов чыкты.

21:30. Ахмедов дароо эле катачылыкка жол берип, өз дарбазасына бурчтан чыгаруу алып келди.

21:32. Гоооол! 32-мүнөттө "Дордой" командасы алдыга чыкты. Оң капталдан кирип келген Мирлан Мурзаев топту дарбазанын сол бурчуна кадады. Эсеп 2:1.

Дордойдун курамында акыркы алмашуу: Антон Землянухиндин ордуна Александр Мищенко талаага чыкты.

21:35. Негизги убакыттын бүтүшүнө 10 мүнөттөй убакыт бар. Талаа ээлери коргонууга өтүштү. Коноктор бурчтан чыгаруу аткаргандан кийин бишкектиктер ылдам чабуулга чыгып кете жаздады.

21:40. Беттештин акыркы мүнөттөрү жүрүп жатат. Топту бишкектиктер башкарууда.

21:45. Негизги убакыт аягына чыгып, кошумча 3 мүнөт берилди. Тажикстандыктар чабуул коюуга болушунча аракет кылып жатышат.

21:48. Оюн бүттү. Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону "Дордой" клубу Тажикстандын чемпиону "Истиклол" клубун 2:1 эсебинде утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
rysik79
2019-05-15 19:38:39
Ийгилик кыргыздын барсаларына. Тажиктин барсалары да оной жоо эмес. Дордой алга! Женилсенер жер которот чихелелерден коркпой ойной бергиле.
+3
Azat.97
2019-05-15 19:49:05
rysik79,барса эмес реал
0
Aman97kg
2019-05-15 21:39:17
Дордой истихлол 2-1
+3
Alixan-Nookat.2015
2019-05-15 21:51:05
Оюн бүттү Дордой утту урраааа!
+2
alyaiza
2019-05-15 21:59:27
Азаматсынар жигиттер!
женишинер кут болсун дагыда ийгиликтерди багындыра бергиле алга !
+1
rysik79
2019-05-15 22:35:07
Ура! Ура! Ура!
0
Agayu
2019-05-15 22:35:50
Жэ чондор ажылдашып бутподу
Жэ жаны стадион башталып бутподу
0
Bale1111
2019-05-15 23:08:42
Азаматсыңар
0
Tekecher
2019-05-16 01:22:47
Молодцыыы
0
macho90
2019-05-16 02:51:28
Эки Бекжан барго э Дордойдо бири коргоочу экинчиси жарым коргоочу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан