Бүгүн, 31-июлда Малайзияда футбол боюнча АФКнын (Азия футбол Конфедерациясы) президентинин 2013-жылкы Кубогунун финалдык баскычынын чүчкулак таштоо аземи болду. Анда финалдык бөлүккө жеткен 6 мамлекеттин 2012-жылдагы чемпиондору үч-үчтөн 2 тайпага бөлүнүштү. Кыргызстандын өткөн жылдагы чемпиону “Дордой” футболдук клубу “В” тайпасына түштү. Бул тайпада Пакистандын чемпиону КРЛ клубу жана Палестинанын чемпиону “Хилал Ал-Кудс” клубдары бар. Ал эми “А” тайпасы непалдык “Три Старз”, монголиялык “Эрчим” жана түркмөнстандык “Балкан” клубдарынын башын бириктирди. Эске салсак, мелдеш 23-29-сентябрь аралыгында өткөрүлөт. Кайсы өлкөдө өткөрүлөрү АФК тарабынан азырынча чечиле элек.