"Самара Каримованын кытай тилинде ырдаганын Пекинге жөнөттүм эле, аябай таң калышты" дейт кызыл-суулук ырчы Нуржамал Турган кызы

Самара Каримова күйөрмандарына кытай тилинде аткарган ырын сунуштады. Ырчы көпчүлүк жакшы кабыл алганын белгилеп, музыкалык чыгарма тууралуу айтып берди. Анын "Шиаң иуе жиу ба" ыры кыргыз тилине "Жолугушалы" деп которуларын кошумчалады.

"Кыргыз тилинде ырдаган 100дөн ашык ырым бар. Андан тышкары орус, түрк, өзбек тилдеринде да ырдагам. Күйөрмандарыма жаңы нерселерди тартуулагым келип, репертуарыма кытай тилинде ыр кошууну туура көрдүм. Кытайда ар бир адам жактырган, эстеп ырдап жүргөн ырды аткаргым келген. Изилдеп жатып ушуга токтолдук. Бул ырды дээрлик баары билет экен. 1998-жылдан бери ырдалып жүргөнүн айтышты. Кытай тили татаал эмеспи, 2 айдай даярдандым. Тилди жакшы билген адамдар жардам беришти. Күйөрмандарым жакшы кабыл алышты. Ар тараптан колдогондорго рахмат айтам", - деди.

Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунда жашаган ырчы Нуржамал Турган кызы ырдын маанисине токтолуп өттү.

"Жолугушалы" деген ыр сүйүү тууралуу эмес. Жакшы күндөрдө жакшы ниет менен жолугушалы деген мааниде. Бул ыр татаал болгондуктан анча-мынча адам ырдай албайт. Сөзү татаал, кайталанган жери жок. Сынактарда күчтүү ырчылар ырдайт. Өзүбүз кайра-кайра текшерип анан жаздырдык. Пекинге жөнөтүп койдум эле кытайлык ырчы ырдаптыр деп ойлошуптур. Кийин "чын эле Кыргыз ырчысы ырдадыбы?" деп аябай таң калышты. Үнү дагы жакшы жарашып, сөздөр жумшак айтылган. Ырды жеткире аткарды. Муну сынактарда күчтүү ырчылар аткарып жүрчү", - деди Нуржамал Турган кызы.

Самара Каримова репертуарын кытай ыры менен толуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Chungyz
2019-05-16 04:06:10
кытайча ыр угабыз эми
+3
Adi010891
2019-05-16 08:04:17
Ообонун жакшылап тыншасаныздар, Жумагул Раимжан кызынын жолугушалы деген ырынын ообонуна окшошуп кетет экен.
0
Sizge.kat
2019-05-16 09:43:43
талантынна таазим кылып сүйүп калдым мындай талант менен кыргыз жерин бүткүл дүйнөгө таанытсак болот ээми Асанкалыйдын ак булуттарын кытайча которуп ырдасаң аябай жакшы болмок кытайлар сүйүп угат деп ишенем
-2
Tyty1990
2019-05-16 10:07:42
Шайба шайба шайбаны жутуп алды Айба дейт го
+3
stimyl.kg
2019-05-16 10:19:06
Өлдү эми кытайлар артынан калбай жүгүрүшүп чарчашат экенда,бизге бир келип ырдап кетиниз деп тамактары тешилет экенда кааап пай пай пай. Соодагер кадыры менен бөз өтөөр дейт беле,асан акасинин арты менен чалчаңдап атат да,убагы келсе бир күндө унутула турган адамда. Көчө ырчы..
+3
katerina.li
2019-05-16 10:50:52
Эми ишенип коелу да,Пекинде жашабагандан кийин бильейбиз да ким танкалып,ким танкалбай жатканын. Бирок миллиондук эли бар Пекиндин ьаарын сурамжылагандай болуп айтыптырго элдин баары танкалышып атышат деп. Кытайча ырдаган бир эле Самара окшойт да ал жакта.
0
ekaterinburg
2019-05-16 12:10:33
Кытайдын публикасына"атака"жасаган го...
0
dobrajelatel
2019-05-16 13:32:20
Бул да болсо А[moderated]ин ийгилиги, эмгеги деп билем. А[moderated]ден башкага тийбегенде Самара деген ысым жок болот беле?
0
senchi
2019-05-16 14:17:50
Товарларыбыз кытай,продукталарыбыз кытай,ырларыбыз кытайча. Өлкөбүздүн аты эле Кыргызстан болбосо калганын баары китайский болуп кетти го.
0
Snikers18
2019-05-16 14:44:47
Талантын ташкындап, булбулдай унун очбосун! Азаматсын Самара, үй-булөөңү бекемдеп, балдарына да тарбия берип, чыгармачылыкты да чогуу алып келе жатасын!
0
Aktan2018
2019-05-16 14:45:07
Ниху нихо
0
Water
2019-05-16 16:22:16
Молодец Самара! Ийгилик сага, сонун ырдагансын!
-1
Kamchybek-007
2019-05-16 17:28:42
Мирбектин Атабековдун ырларын кытайлар которуп ырдап жүрүшсө бул кыргызда ыр калбай калгансып кытайча ырдайт да
-2
metsenat
2019-05-16 19:05:26
Нихаума, нихаума
0
Aziyat
2019-05-17 03:08:24
Эми Кытай ырлары менен оорушат экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан