Депутат: "Лонг Хай" сындуу компаниялардын сапаттуу жол кура турганынан күмөнүм бар"

"Балыкчы-Корумду жолун куруп жаткан кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын жадакалса кетмен-күрөгү да жок экен", - деп кечээ, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, компания жергиликтүү тургундардын техникаларын ижарага алып иштетип жатат. "Жолдун сапатын караш керек. "Лонг Хай" сындуу компаниялардын сапаттуу жол кура турганынан күмөнүм бар. Жолдун курулушуна белгилүү бир деӊгээлде мүмкүнчүлүгү, даярдыгы, тажрыйбасы бар компанияларды тартуу зарыл. Биздеги жолдор бир жылдан кийин бузула баштайт. Ага ким жооп берери белгисиз. Ушундай жолдун бизге кереги барбы?" - деди Кожобек Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан