Украиналык ырчылар Алексей Потапенко жана Настя Каменских үлпөт тойго даярданышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, ырчылар досторуна үлпөт тойго болгон сырдуу чакырууларды таратышкан. Чакырууда баш кошуп жаткан адамдардын аты-жөнү жазылган эмес, бирок сөз кимдер тууралуу болуп жатканы ачык көрүнүп турат. Үйлөнүү үлпөт тою 23-майга белгиленген.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары көп жылдан бери бирге ырдап келе жаткан ырчылардын ортосунда жакын мамиле бар экенин жазып келишкен. Бирок ырчылар бул сөздөрдү четке кагып, ачыкка чыккан эмес.