Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда көз жарган 15 жаштагы кыздын окуясы боюнча айылдаш кошунасы сурак берип жатат. Маалыматты SUPER.KG порталына Жети-Өгүз райондук үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева тастыктады.
Анын айтымында, өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка барган адам 20 жашта жана ал төрөгөн кыздын кошунасы.
"Кыздын төрөгөнүн биз ал ооруканадан чыгып жаткан күнү билдик. Кабар алуу максатында кыздын апасына жолуктук. Ал райондогу ооруканада түнкү нөөмөттө иштейт экен. Анын айтымында, бул окуя боюнча шек санаган адамы деле жок. Ошондой эле арыз да жазган эмес. Ал эми кыздан сурасак, ал кимдир бирөө түнү келип зордуктап кеткен деп айтып берди. Бирок алгачкы суракта кыз менен бала өз көңүлдөрү менен гана мындай кадамга барышканы айтылып жатат. Эми алдыдагы сурактарда башка дагы жагдайлар белгилүү болушу ыктымал. Азыркы убакта тергөө ишинде үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери кыздын кызыкчылыгын коргоп жатышат. Учурда кыз өзүнүн ата-энеси жана баласы менен чогуу. Ошондой эле психологиялык жардам көрсөтүлүүдө", - деди Жаанбаева.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 15 жаштагы кыз 6-майда көз жарган. Башкы прокуратура кыз тууганынан төрөгөнүн билдирген.