Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын (Финансы полициясы) кызматкерлерине курал берүү пландалууда.
Маалым болгондой, бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда карашкан.
Мыйзам долбоорунда Финполициянын кызматкерлерине башка укук коргоо органдары сыяктуу эле ок атуучу курал колдонуу сунушталган. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.