SUPER TV`нын "Жылдыздар кесибин алмаштырат" берүүсүнүн кезектеги каармандары - ырчы Съездбек Искеналиев менен теле алып баруучу Эркин Нурбаев. Алар өздөрүнө берилген тапшырманын негизинде борбор калаабыздагы соода түйүндөрдүн биринде күзөт кызматынын милдетин аткарышты.
Күзөтчүнүн формасын кийген атактуулар колуна рация алып, билек түрө ишке киришти. Элге тамеки тарттырбай, сууну ичирбеген кызматкерлер кандай кызыктарга туш болгонун төмөнкү сюжеттен көрө аласыздар.