Бала - бакыт. Бактылуу болгон адам жакшылыгын башкалар менен бөлүшкүсү келет эмеспи. Колундагы кичинекей бакытынын кылыктарына суктанган эне анын сүрөтүн интернеттеги социалдык тармактарга жүктөйт. Ошентсе да эл арасында "көз тиет, сөз тиет" деген ишенимдер бар. Мындан улам айрым энелер наристенин жүзүн быйтыкча менен жаап коюшат.
Жакында эле Улуу Британияда ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл уулдуу болушту. Падышалыкта жаңы төрөлгөн ымыркайды дароо элге көрсөтүү салтка айланган. Баланын сүрөтүн интернетке киргизүү тууралуу атактуулардын оюн уктук.
Февраль айында алып баруучу Нурзат Токтосунова менен жолдошу тамада Максат Надырбеков кыздуу болушкан. "Баланын сүрөтүн интернетке киргизүүгө каршымын. Кээде өзүм иш-чараларды алып барганда, көп кишилер менен баарлашканда үйгө келип эле жыгылам. Баары бир адамдарда көз, сөз деген нерсе, түрдүү энергетика бар. Ошон үчүн колдон келсе, баланы кичинекей кезинде көрсөтпөй эле койгон туура деп ойлойм", - деди Нурзат Токтосунова.
Ырчы Гүлзада Рыскулова бул нерсе адамдын ишеничине байланыштуу деген пикирин айтты. "Кээ бир адамдар "балага көз тиет, элдин назары өтөт" деп аябай ишенишет. Бирок андайга маани бербегендер дагы бар. Кыргыз элинде илгертеден баланы этият кылып, айрыкча кыркы чыга электе көп кишинин алдына алып чыкпай, аяр мамиле кылышкан. Алар периштедей болушат. Аларды жакшынакай кийинткенде өзү да таттуу, кийимдери да жарашыктуу болуп турса ар бир адамдын эле көзү өтчүдөй болуп калат. Чоң энем "баланы көздөн далдоо чоңойтуп, өтө жакшынакай кийинтпеш керек" деп айтып калчу. Ошол сөздөрдө чындык бар деп ойлойм", - деди ырчы.
Ырчы Айганыш Абдиева интернеттеги баракчасына уулунун сүрөттөрүн киргизип турчу. Кийинчерээк үй-бүлөсүнүн сүрөтүн жарыялабоону туура көргөнүн айтат.
"Мурун көңүл бурбаганымабы уулумдун сүрөтүн көп киргизчүмүн. Баланы катуу жакшы көрүп койсоң да ооруп калышы мүмкүн экен. Интернетте колдонуучулар аябай көп эмеспи. Жолдошум "азырынча кичинекей, сүрөттөрүн киргизбей эле койчу" деп каршы болду. Муну мен да туура көрдүм. Ата-эненин да көзү тиет дешет экен. Өзүм да өтө жакшы көрүүдөн карманып калдым. Мүмкүн баланын бетин жаап киргизсе болор", - деди ырчы Айганыш Абдиева.
Ырчы Жийдеш Идирисова баланын сүрөтүн интернетке ачык же быйтыкча менен жүктөө ата-энесинин каалоосуна жараша деген пикирин айтты. "Баласынын сүрөтүн кайсы жаштан баштап киргизерин ата-энеси өзү чечиши керек деп ойлойм. Бетин быйтыкча менен жаап койгонду, качан ачык чыгарууну деле каалоосуна жараша кылышат" деди ырчы.
Буга чейин балдардын сүрөтүн социалдык тармактарга жүктөө боюнча бир катар ырчылар өз ойлору менен бөлүшкөн эле.
Сүрөттү быйтыкча менен жаап чыгаруу баланы көз тийүүдөн сактайбы? Пикир калтырыңыз...