ЖЫЛНААМА, 18-МАЙ: Ырчы Азалия "досторум туулган күнүмдө сюрприз жасап куттукташты" дейт

Ырчы Азалия Дүйшөналиева бүгүн, 18-майда туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 1989-жылы Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы Сайкал Садыбакасова менен таанышып, андан соң "Кыз-Бурак" тобунда ырдап калганын айтканы бар. 2017-жылдан бери жеке ырчы катары ырдап жүрөт.

Ырчы туулган күнүн жакын адамдары менен бирге тосорун айтты. "Буга чейин кандай нерселерге жетиштим, эмнеге жетише элекмин деп ойлонуп калат экенсиң. Түнкү саат 00:00дөн тартып куттуктап башташты. Досторумдун күтүлбөгөн жерден куттуктап келгени жагымдуу болду. Жакындарым, сахналаштарым каалоо-тилектерин айтып жатышат. Досторум менен бирге белгилейбиз", - деди ырчы.

Ырчы эл аралык сулуулар сынагына да катышып жүрөт. Былтыр октябрь айында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" сынагына катышкан. Ушул жылдын март айында Египетте өткөн "Miss Eco International" сулуулук сынагына катышып, анда ТОП 15ке кирди. "Жаным ай", "Өмүр белеги", "Жаныңда", "Алыстадым" аттуу ырлары бар.

18-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abdyldaeva.a.97a
2019-05-18 17:13:12
турмушка берели эми Азалия эжени , эне бакытына да балкып калсын )))
0
Asyl10
2019-05-20 11:57:27
Азалия 30 жашка толупсун, чык эми турмушка, бала жытын жыттап бактылуу бол.Сендейлердин алды 2, арты 3 балалуу болуп калышты. Бала жытына эч бир карьера, сахна,француз атыры да тен келбейт.Слуулар сынагына катышып журо бербей сулуу уул-кыздарды тороп, бакытка балкып жаша
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан