Түркиянын Бодрум шаарында кичинекей сулуу кыздар жана балдардын арасында эл аралык сынак өттү. Ага Кыргыз жеринен 7 жашар Рамин Исламов, 10 жаштагы Хавина Исламова жана 11 жаштагы Маргарита Салюкова катышып, сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу модель Айжамал Осмонова билдирди.
Маалыматка караганда сынакка Украина, Казакстан, Орусия, Черногория, Түштүк Африка, Израиль жана Монголия өлкөлөрүнөн катышты.
10 күн аралыгында катышуучулар подиумда басуу, хореография боюнча сабак алып түрдүү иш-чараларга катышты. Сынактын жыйынтыгында Хавина Исламова "Дүйнөнүн кичинекей сулуусу", Рамин Исламов "Дүйнөнүн кичинекей сулуу мырзасы", Маргарита Салюкова "Дүйнөдөгү мыкты кичинекей фотомодель" наамына татыктуу болушту.