Бишкекте Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа аялды сүздү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя бүгүн, 19-майда саат 9:30 чамасында Фрунзе-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. А.А. аттуу аял жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан. Кырсыктан улам жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Аны сүзгөн унаа айып аянтчасына киргизилди, учурда тергөө иштери жүрүүдө.