Бишкек шаарында Кыргыз улуттук филармониясынын алдында гүлдөрдөн жана майда таштардан шырдакка окшош клумбалар жасалды. Бул тууралуу "Бишкек жашылдандыруу чарбасы" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кооздоо ишинин толук бүтөрүнө аз калды. "Таштар жердин астына кирип кетпеши үчүн алдында плеёнка төшөлдү. Филармониянын сырты ак мрамордон жасалгандыктан түстөр улуттук оюуларга дал келди", - дешти мекемеден.