Телеалпаруучу Максат Доврановдун жанындагы ак жоолукчан сулуу ким?

Телеалпаруучу Максат Довранов бүгүн, 20-майда ак жоолук салынган кыз менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Ал күйөрмандарына ийгиликтүү күн каалаганы менен, жанындагы сулуу тууралуу эч нерсе айткан эмес. Интернет колдонуучулары дароо эле үйлөнгөнүн божомолдоп, аны куттуктап башташты.

Максат Доврановдун жанында ак жоолук салынган кыз - 24 жаштагы Жибек Жумабаева. Ош шаарында сулуулук тармагында иштейт. Ал SUPER.KG порталына сүрөткө клип тартуу учурунда түшүшкөнүн билдирди. Довранов менен Жумабаева ырчы Ильяс Кудретовдун "Тамчы жаштар" аттуу ырына тартылган клипте роль жаратышууда.

2017-жылдын 14-ноябрында телеалпаруучу Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасовага үйлөнгөн. Бирок түгөйлөр ушул жылдын башында ажырашканын айтышкан.

Теле алпаруучу Максат Доврановдун жанында кайсы ак жоолукчан бийкеч?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bond02
2019-05-20 09:38:26
Бул деле кыйратпайт.
-2
rysik79
2019-05-20 09:43:29
Шайкалды кутуп журо бермек беле. Кошогосу когорсун. Бактылуу болгула.
+15
Bars88
2019-05-20 10:06:34
Озу ушак таратыш боюнча биринчи орунда журналистер турат.Биринчи такташ керекда.
+31
Kairat1996
2019-05-20 10:09:39
Кайран Сайкал абдан сулуу кыз эле да. Бул деле Сайкалдан кем калышпаган сулуу кыз окшойт. Сулуулар коп боло берсин эми.
-6
Chungyz
2019-05-20 10:29:56
Молодец
+1
mbmur
2019-05-20 10:38:14
Жеке менин оюмча Сайкалдан сулуу экен.Арыкчырай, назик,наздуу корунот.
+18
Suzak12
2019-05-20 11:42:55
Эн туура незаменимых нет будьте счастливы.
-2
Bekobala
2019-05-20 13:50:19
Уйлоно элек эле үйлөндү болуп кетиптир го
-1
admin_portal
2019-05-20 14:10:45
Kyrgyz-jigit.com, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-1
Dembele84
2019-05-20 15:52:53
Конечно ак жоолук салынган жаш кызды комментарийи жок эле жуктоп атса,ар ким ар кыл ойлойт да.Интрига кылам деп чечкен го жигит !
+1
dirol
2019-05-21 00:38:02
Dembele84,клип деп туратко
-1
Dembele84
2019-05-21 03:25:46
dirol,Клип деп турса тура берсин
0
asefsa
2019-05-20 17:15:02
Эми оз тенин тааптыр, бактылуу болушсун!
+1
eddi.
2019-05-20 21:03:06
ХХХХ ичи күйүп,өрттөнүп жаткандыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан