Кыргыз өлкөсүндө 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси Энелер күнү катары белгиленип келет. Быйыл аталган майрам 19-майга туш келген. Бул күнү социалдык тармактар энелер тууралуу куттуктоолорго толду. Шоу-бизнес жылдыздары да мындан четте калбай энелерин куттукташты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков баракчасына кичинекей чагында апасы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп "сүйүктүү апам, Дарика Абдрахманова жана бардык апалар, бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм! Көп жашаңыздар жана ар дайым чың ден соолукта болуңуздар!" деген куттуктоосун калтырган.
Ал эми ырчы Айжамал Кабылова: "Жашоодо эң бай инсан - бул апасы бар инсан! Апаке, майрамыңыз кут болсун, сиз үчүн ар бир күнүңүз майрам болсун, балдарыңыздын маңдайына өмүрүңүз узун болсун!" - деп куттуктады.
Ар дайым жылмайып жүргөн ырчы Данияр Эрматов: "Өзүмдүн апамды жана бардык апаларды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм! Ар дайым биздин маңдайыбызда бар болуңуздар. Ошондой эле менин атымдан баарыңыздар апаңыздарды куттуктап, менден чоң салам айтыңыздар", - деп куттуктап апасы менен концертиндеги сүрөтүн жүктөгөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова апасын төмөндөгүдөй ыр саптары менен куттуктады:
"Мен энемди көрбөй калсам сагынам,
Бир да карыш чыккым келбейт жанынан.
Оо адамдар, энелерди сыйлайлы,
Эне - улуу, эне - кымбат баарынан!
Жароокерим, асыл адамым, мээримдүүм, жүрөгүм, апакем менин, майрамыңыз менен. Ак сүтүңүздү актасам дейм. Жаратканым өмүрүңүздү узун кылсын".
Ырчы мырза Урмат Усенов апасы менен унаасында селфи кылып "чексиз шүгүр, майрамым менин жанымда" деген билдирүү калтырган.
Ырчы Айпери Кубик кызы: "Апулечкам! Алтын апам! Апакем! Майрамыңыз менен! Биз деп канча кыйынчылыктарды көрдүңүз! Ден соолугуңуз, уйкусуз түндөр. Апа, ар дайым бар болуңуз!" - деп апасына белек берген сүрөтүн жүктөгөн.
Ырчы Замир Арыкбаев "апа, майрамыңыз менен куттуктайм!" деген куттуктоосун калтырып, апасы менен селфи кылган.
Ырчы айым Сайкал Садыбакасова апасы Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова менен кичинекей кезинде түшкөн сүрөтүн жүктөп "апа - бул бардык адамдын ордун баса алчу адам. Бирок бир да адам эненин ордун баса албайт" деп билдирүү калтырды.