Бишкекте "Петролеум" май куюучу жайы тонолду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-майда саат 5:00 чамасында бет капчан эки белгисиз киши курал менен Элебесов көчөсүндөгү май куюучу жайга кирип, болжол менен 3-5 миң сом алып качып кетишкен. Бул факты боюнча "каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлерди аныктоо жана издөө иштери жүрүүдө.