Ырчы Амир Аскаров Чолпон Талипбек менен бирге аткарган "Жүрөгүм эзилет" аттуу чыгармасын казак тилине уруксатсыз которуп алышканын айтып чыкты. Ал казакстандык ырчылар Динислам жана Дилара жогорудагы ырды "Сен ушин өзгерем" деп ырдап чыгып, ырдын сөзү жана обону башка адамга таандык экенин көрсөтүшкөнүн билдирди.
"Артисттер жаңыдан чыгып, өзгөчө идеяларды издеп жатышканын түшүнүп турам. Бирок бул нерсе плагиатка, бирөөнүн эмгегин өзүнө ыйгарып алууга жол бербейт. Ырымды уурдап алып, өздөрүнүн аттарын жазып коюшуптур. Алар мени таппай койгонун айтышты. Аткаруу үчүн автору катары мага 3 миң доллар төлөшү керектигин айттым. Жаңыланган варианты жаккан жок. Ошондуктан кайрадан ырды менин катышуумда жаздыруу керектигин эскерттим. Алар андай каражаты жоктугун айтышкан соң мындан ары ырды аткарышпайт жана чыгарма бардык жактан өчүрүлө турган болду. Сотко берген жокмун", - деди ырчы Амир Аскаров.